09.11.2022 Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун жыйындар залында Кыргыз Республикасынын президенти С.Н. Жапаровдун 21.05.2022 улуттук нарк жөнүндө жарлыгы талкууланып, жыйынга “Бакдөөлөт” коомдук фонддун жетекчиси Мураталиев Мелис спикер катары майек куруп берди. Жолугушуу коомдун мүчөлөрүнүн кызыгусун жаратып, эки сааттан ашык созулду. Тема актуалдуу болгондуктан, өзгөчө жаштар бул маселе боюнча дагы жолугушуу керек деген ойду айтышты.

«Арыбаныздар урматтуу кеченин катышучулары, ардактуу КОС мүчөлөрү. Бүгүн сиздер менен Кыргыз Республикасынын президентинин улуттук нарк жөнүндөгү жарлыгынын алкагында талкуу уюштуралы деп турабыз.  Улуттук нарк-доолот жөнүндө жарлыкка кол коюлду. 29 январындагы 2021 жылы номер 1 инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын ырааттуу уландысы каттары сунушталып  жаткандыгы белгиленди. Жарлыкта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысына коомчулуктун, билим берүү жана илим, маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен, 2022 жылдын 1 сентябрына чейин улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны иштеп чыгуу жана кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына салттуу ислам баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук наркын сактоодо келип чыгуучу түшүнбөстүктөрдү жоюу максатында тиешелүү чечимдерди чыгаруу, кабыл алынган чечимдер боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды. Кыргызстан калкы ассамблеясына, коомдук уюмдарга, жалпыга маалымдо каражаттарына, анын ичинде телерадио берүү уюмдарына нарктуулукту жайылтуу, нарктуу жаранды жана нарктуу коомду куруу жөнүндө калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Жогорку Кенеш депутаттарына, министирлер кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга улуттук наркка байланышкан түрдүү багыттагы демилгелерди сунуштоо менен бирге диний ишенимдерге жана улуттук наркка өтө сый-урмат менен мамиле кылууга, ошондой эле нарктуу коомду курууда Кыргыз Республикасынын жарандарына үлгү көрсөтүүсү сунушталды. Документте кызыктар тараптары менен улуу наркты калыбына келтирүү иши жүрсүн деп көрсөтүүлгөн. Максаты- глобалдашкан заманда улуттук нарк-насиль, каада-салттын ордун бекемдөө. Арбир кыргыз элинин үй-бүлөөсүндөгү башындагы түшүнүк, ой, үй-бүлөлүк мамиле, кошуналык мамиле, улут аралык мамиле. Каныбызга синген. Улуттук баалулуктар каяка кетти, наркты алып жүрүүчүлөр-нарктуу ак-сакалдар, кыз-келиндер. Кыргыз түптүү, тектүү эл, аны сактап калыш үчүн наркыбызды жоготпоо керек. Бүгүнкү күндө ушул жарылыктын чыгышы биздин келечеке кам көрөбүз. Эгерде наркыбыз болбогондо көпчүлүктүн арасында синип жок болуп кетишибиз мүмкүн эле. Кыргыз элинде жогорку айтылгандардын өзөгү бар. Болгону аны коомчулука түшүндүрүп, туура багыт берүү керек. Учурда аны жайылтуу иштерин тийиштүү тараптар жүргүзүүдө. Ошол жарылыктагы нарк-насилдерди турмушта колдонуп ишке ашыруу керек.

Башка маданияттын таасири менен биздин тамырыбызга өзөгүбүзгө бир топ өзгөрүүлөр кирип кетти. Нарк-баа деп түшүнүш бул туура эмес. Кыргызда жөнөкөй сөз бар: кан бийлигинен нарк күчтүү. Ханы жок болсо да бирок ички тартип эрежелерди сактап турчу негиз бар, асыл баалулуктар. Эл- тутум, система, бир башка баш ийген, бир тартипке баш ийген, өз ара катыш мамилеси жөнгө салынган. Ички тартип эреже. Элди эл кылып турган бул нарк. Нарк деген ошол коомдун ичинде бири-бири менен болгон карын катнаш мамилелерди жөнгө салуучу, тартипти орнотуучу, иреттүүлүктү камсыз кылуучу, бүтүндүктү сактатуучу, үлгү берчү тутум. Бул тутум 3 негизден турат- адам табиятты таануу, адам өз коомун таану, жаратканды таану. Ушул үчөө биригип дүйнө таанууну калыптайт. Кыргыздар табияттын мыйзамына ылайыкташып жашашкан (талаа, тоо, токой). Салт, үрп-адат, тыюулар. Жашоо негизи, жашоо эрежеси, талап, ар-намыс, дем-дух. Ички тайманбас күчү. Ички күчтү туура күүгө салыш керек. Жашоо адеби-нравственность. Элдик тарбия-этнопедагогика. Кийинки муундарга өткөрүп бериш керек, түшүндүрүп. Милдет-милдетинди туура аткарсан сенин укугунду эчким тебелебейт. Балалык милдет, ага-инилик милдет, аталык милдет. Илгери кочмон кыргызда уурулук, калп-ушак, чыккынчылык өлүм менен жазаланчы. Баш-сөөгүн атасынын мойнуна илип коюшчу. Төрөлгөн балага атасы өмүрү өткүчөктү жоопту-ушул да нарк, Кандай адам болуп калыптанышына ата жоопкер, анан коом таразалайт — жалпы бүтүндүкө доо кетирбеш керек үчүн. Бактылуу үй-бүлө. Билим жана маданият адамдын адам болушуна жоопкер. Илим, сый-созго сый, улууга сый, ысырап убалга окшоп калды түштөндүрүү. Эгерде бийлик элдин наркына туура келбеген нерсени жасаса эл кабыл албайт, демек горонго уютку жоголо элек, болгону ошону жандандырып, орду-орду менен түшүндүрүп, таанытып, кайра туттуртуп алыш керек.

Кыргыздын баалулуктарын сактоо жана жайылтуу боюнча кабыл алынган программанын долбоору 4 бөлүктөн турат: улуттук нарк боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалулугун жогорлотуу, нарктуу кыргыз жаранын калыптандыруу жана өнүктүрүү, нарктуу руханий маданиятын сактоо жана өркүндөтүү, ошондой эле нарктуу материалдык маданиятты сактоо жана өркүндөтүүгө өзгөчө басым жасалган. Биз өзүбүздүн улуттук баалулуктарыбызды, кыргызды кыргыз кылган нарк салттарыбызды өзөк тутуп туруп, ошого жараша замандын жетишкендиктерин, ийгиликтерин кошо журулуштуруп алып кетсек анда бизде өнүгүү болот. Нарктуу адамды калыптандыруу маселеси биринчи көнүлгө алынды. Себеби нарктуу сапаттар адамда болмой сайын нарктуу коом болбойт. Кабыл алынган чечимдерди калк арасында жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Улуттук нарк элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанат. Алар элдин маданиятынын негизин түзүүчү фактор болуп саналат, анткени эзелки замандан башталып муундан муунга өтүп келген улуттук нарк ааламдашуу менен санариптике карабастан кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абиирди, боорукерликти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы. Кыргыздар мамлекеттин өнүгүүшүнүн негизи болгон улуттук нарк аркылуу кылымдар бою кошуна элдер менен жанаша жашап, тарыхтын теренинде жок болуп же башка элдерге синип кеткен эмес. Атын жоготпой, тарыхта өз изин калтырды.

Азыр биз кырда, бычактын мизинде турабыз десек болот. Бизге танууланган каада салттарга баш ийип жаза тайып, ооп кетпейлик. Башка бир адаттарды, биздин улутка дал келбеген салттарды, жүрүм-турумдарды кабыл алып албайлы. Өзүбүздүн тилибизди, кийимибизди, жаратылышка кылган мамилебизди жоготуп албайлык. Биринчиден бул теманы билимдүү адамдар, окумуштуулар, коомдогу биларман көрарман адамдар, башы көрүнүп калган адамдар, эксперттер сүйлөп, катышып бир нече жыйындар өткөрүлдү. Жаштарга жанылап айтып туруу керек. Кебирөөлөр эмне биз кайра ортончу кылымга кетелиби деп атышат-кайдагы салт, кайдагы нарк, эмнени ойлоп таптынар деп. 

Биздин улуттук салтыбыз, наркыбыз Манас эпосунда жыйылган. Кыргыз ушунчалык меймандос эл болот, кыргыздар конок келсе кубанышат, конуп кет, жатып кет деп суранышат. Жадагалса жылан сойлоп кирсе дагы, айран чачып, ак чачып чыгарышат. Эч кандай географияны өздөштүрбөй туруп, техниканын, экономиканын өнүккөнүн өздөштүрбөй туруп 18-кылымдын жарымында олуяларыбыз Калыгул ата айткандары: чыны карагайга чыгат, алысты зым менен угат, атасынан баласы кыйын чыгат, алтын чака тыйын чыгат, этеги жок жени жок чапан чыгат деген экен. Бул кыргыздардын көрөгөч чечен болгонун билдирет. Наркын менен жүр. Баарыбыз какшап өтсөк наркыбыз кайрадан дүрт жанат. Элдин сөзүн элге жеткирүү керек. Кыргызымдын күйгөн кыз уландары булун-бурчка, кокту-колотко, тоо-ташка, арбир үйгө жеткирип, кайта-кайта айтып таркатып турса элибизди ойготуп алабыз. Атыбыз кыргыз — кырып жоготуу мүмкүн эмес. Кадырлуу журт кайдыгер болбой каада салтыбызды уланталы.

Чечендик өнөр — көркөм сөз: Орто Азиядагы эң байыркы элдердин бири кыргыздар экени окумуштуулар менен далилденген (Бартольд). Байыркылыгын оозеки чыгармачылыгы менен калтырып койгон, кыргыздар сөзүм өлгөнчө — өзүм өлөйүн дешет. Преаритетти артыкчылыкты сөзгө койгон. Кабыл алууну тортко болот, акма кулак — суудай кирип чыгып кетет, таш кулак — эчнерсе кирбейт, кум кулак- жарымы кирсе жарымы калат, куйма кулак — эмнени укту ошо бойдон эстеп калат, зиректүү, буга акындар төкмө акындар манасчылар, чечендерибиз кирет.

Тил: сүйлөөнү билүү. Акыл чечен-бул Бакай Ата көп сүйлөгөндү жактырбайт, капылеттен сөз тапкан карангыдан көз тапкан деп ошолорду айтат, сөз бузулуп баратканда онго салып коёт. тил чечен- угуп аткан адамдын кулагынын кумарын кандырат экен, кун сүйлөсо кун тун сүйлөсо тун сүйлөйт, үнү да уккулуктуу болот мисалы тилекматаке. көрөгөч чечен- куйручук, калыгул келечекти баамдап билип бергендер. Суу чечен. Гөсөм адамдар унутулуп бараткан үрп адаттарын, каада салттарын эске салып айтып турат, отту госогондой эле. Аксакалы жок элде комедия болот, жаштары жок элде трагедия болот. соз баштаган эл баштайт.

Улут наркы улуу тил. Нарктуу болуш үчүн тил керек, тил элдин наркын баяндап атпайбы, элдин тарыхын айтып атпайбы, анын каада салтын айтып атат, эрежесин. Залкар жазуучу Айтматов айткан экен: адамдын адамга кыла турган эн эле чон жакшылыгы үюнөн коомго пайдасы тие турган жакшы баланы, жакшы инсанды тарбиялап чыгуу. Башканы койуп баланы айт.

Отуз жыл бою демократия деп жатып, демократиянын сазына аябай батып алып адэп ахлак жөнүндө, адамдын руханий өнүгүүсү жөнүндө, ыйманы жөнүндө, улуттук баалулуктар дөөлөт жөнүндө унутуп койдук. Ар кайсыны ээрчидик, ар кайсы эшикти кактык. ойлоп турган ой менен, оозунан чыккан сөз менен иштеген ишин бир-бири менен дал келбесе бул нарктуу адам эмес экен деп айтышат. аш көп жерде каада көп деп коёт, колунда барлардыкы бул ысырапчылыка алып келди, колунда жокторду жакырчылыкка.

Эне-сүтүн актоо, кыз узатуу, күйө-баланы сыйлоо- жаркырап жашап эр-жигит, жалпыга өрнөк бер жигит, эл менен болсун эмгегин, эл менен эрсин сен жигит. Атагын кетсин асманга, акындар жазсын дастанга, атанын атын сактагын, эненин сүтүн актагын.

Мындан бир кылым мурун кыргыз казак айтышта каркырада Арстан мындай деп айткан экен: оо армандуу дүнүйө, булут минсен жетпейсин мурункунун наркына. Буркулдайсын, түтөйсүн бу замандын артына. Кайран гана кыргыздын кылычы чыгаар кынынан, кызы кетээр сынынан, келини кертээр кел-беттен, уяты кетээр уулунан, катыны кетээр наркынан, карысы кетээр баркынан. Биз ошол киши айткан замандын артында жашап атат окшойбуз. Эгер озунун каада салттарын наркын жоготуп койгон эл аны жоготуп атканын билбесе, анда элдин шору. Эгер жоголуп баратканын билип, ошону учурунда кармап, кайра ордуна коёбуз деп аракет кылса анда бул бул келечеги бар эл деп айтсак болот. Убал болот деген торт тамгадан турган соз менен кыргыздар жаратылышка болгон мамилесин, айлана чөйрөго болгон айоо мамилени эне суту менен ушул убака чейин алып келди. Ренесанс учурунда Европанын жүрүшүн, киим киишин, тилин орус аристократтары туураган. Бирок ошондо окумушту Ломоносов айткан экен: — «менин Россиядай кенен, Россиядай терен мекеним жок»- деген. Ошол киши ар бир эл өз наркын сактап калышы керегин айткан.

Доор алмашкан сайын адамдардын мүнөзү дагы алмашып турат. Мындан элүү жыл мурун эле эл башка болчу. Президенттин жарлыгы ушул улуттук иденттулукту, идеологияны уютуп кайрадан элди наркка чакырууга өтө чон чакырык болду. Азыр улуу улуудай, кичүү кичүүдөй болбой калды. Адамды адам кылган абиири, тили, бети-жүзү экен. Ааламдашуудан, глобализациядан кыргыз кыргыз бойдон чыгыш керек. Нарктуулукту балабакчадан, мектептен, оку-жайдан эмес- үй-бүлөодон башталарын эске алып, салттуу үй-бүлөлүк баалулуктарды жайылтууну көздөш керек.

Ата энелер менен жоолугуп, айтып берүү. Эчтен- кеч жакшы (лучше поздно, чем никогда). Өткөнүн билбеген эл келечеке жол таппайт.

Жарылыкта өлгөнгө мал союну тыйуу жөнүндөгү бөлүгү бар. Эн негизги максаты ыксыз чыгымдарды азайтуу, ысырапкорчулукту жою, үнөмдүү жашого алып келүү. Кур-намыс үчүн кредиттерди алып, аны толой албай жашоолор талкаланып атат. Эл көзүнө көрүнүп коёлу, эл эмне дейт дегенге өтүп алдык. Жону жок мактанычка айланып кеткен жарыштарды токтотуу үчүн. Жөнөкөйлөштүрүү… ихсан бул ыклас деген сөз, ихсан дегенде адам өз каалосу менен, өз ыхтияры менен, чын ниети менен берген нерсе ихсан болуп саналат. Анан элдин сөзү менен же туугандардын сөзүнөн калып кетпейин деп кур намыстанып күчкө салып сойгон берген ал ихсан болуп саналбайт.

Келечеке билим жана нарктуулук менен! ООНдун 2000-чи жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргыз улуту жүз жылдын ичинде жоголуп кетиши мүмкүн болгон элдердин катарына кириптир. Эң башкы үч негизде- улуттук тилге кылган мамилеси, улуттук нарк, салт-санааны чаныш, башка улутту улук тутуп (немистер так келишет деп, кыргыздар жалкоо, япондор иштерман), кыргызды таанып башка улутту жакшы көрө баштоо, наркын жоготуу, тарыхын унутуу.

Ата наркы: атанын милдети баласын да, кызын да элдик кылып тарбиялоо. Азыр илим берүү гана болуп жатат, тарбияны берүү жок. Билим берүү системасынын улуттук моделин түзүш керек.

Президентибиздин жарлыгынын демилгесин баардык кыргыз жаран колдоп алып элибиздин наркын, салт санаасын башка өлкөгө жакшы жагынан көрсөтүп, башкаларга үлгү болууга аракет кылуу жашоо шарты.

Юнеско баштап- салттуу нарк, салттуу билим деп салттуу маданият деген проблемаларды коюп атайын иш-чараларды коруп баштады. Себеби баардыгы бири-бирине окшошуп калса кызыкчылыгы кетип калат. Өзүбүздүн улуттук нарктан тукулжурайбыз, айрылабыз.

Деги эле салттардын негизги милдеттери жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка, жоопкерчиликтүү болууга, эл-журтунун, эне-атасынын алдында өз милдетин сезе билүүгө, улууларды урматтоого тарбиялайт.

Өлкө башчысы жарлыкты чыгарды, эми анын аткарылуусу ар бир мамлекеттин мекемесине, мамлекеттин атуулуна, жаранына, мураскор муундун ыйык милдети катары туюнуп, ошол нерсени ишке ашуруунун аракетин көрөлү. Улуттук нарк-насилин сактаган эл эч качан жоголбойт- Пётр Врангель.

Адамдын акылдуулары- эн жогорку денгээлдеги акыл идеяны талкуулайт, эн төмөн акыл- адамды талкуулайт. Жаманды айтпай жоёлу, жакшыны айтып жаялы! Кулак менен топтогон- көз менен чыгып кетет дейт, а биздин көзүбүздөн чыга албайт да… аш көп жерде каада көп деп коёт. Улам элдин экономикасы көбөйгөн сайын конкуренция башталат экен. Конкуренция окууда, илим-билимде, эмгекте болушу керек. Ички туюмда жашаган эрежелер үй-бүлөдөн башталат. Ага тарбия, таалим, тыю кирет. Идеология кыргыздын макал-лакабында да жатат. Дүйнөдө 5500 улут болсо бизди кыргыз кылып турган бул нарк. Биз өзүбүздүн өзөгүбүздү тааныбай, ким экенибизди билбей жүрүп башка бирөөнүн жолуна түшүп, башка бирөөнү туурап, башка бирөө болгубуз келет. Азыр наалыган эл толтура. Укканды билбейбиз. Ооба муун озгорду, эмиграцияга кеткендер нарксалтты унутушту, анткени кайсы жерге барса ошол жердин ырын ырдап калат. Тымызын улуттук, маданий геноцит болуп баратат- аттар арабча… Азыр аркимибиз көп саясатчыбыз, бирок жакшы саясатчыбыз жок, экономисттер көп бирок экономикабыз өнүккон жок, 20000 юрист бүтүптүр бирок акыйкат жок, акылдуулар көп бирок тарбиябыз жок- ушун баары нарк бузулгандыгы. Дин илими адамдын ички дүйнөсүн тарбиялоочу илимдердин падышасы экен, а дүйнөлүк илим адамды өрчүтө турган, анын көзүн дагы чоң ача турган илим дейт. Экөөнү чогуу алып жүрбөсө жарымы атеист, жарымы фанат болуп кетет экен. Нарктуулук жок жерде ар түрдүү агымдар кире берет, ваакум толтурулат да. Кыргыздарда үйбоор, жана жылкы мүнөз деген сөз бар.

Чоюнага айткандай чон-атандын эски ээринин чанын гүүп токуп туруп мин дегендей ошол нерсени улам жанылатып туруу мезгилдин талабы экен. Адамдын эске тутуусу компьютердей эмес экен, улам унутуп калат экенбиз. Ошону улам айтып туруу, эстетип туруу үчүн ушундай жолугушуулар, кептешүүлөр керек экен. Разаков айткандай- сен асыл болсон, мен асыл болсом, коом да асыл болот. Нарктуу адамдын сапаттары:

  1. Адамкерчилик- ээн биринчидей таза болуу. Адам болуп төрөлөт анан киши болот, киши бул социалдык продукт. Киши болоор адамдын киши менен иши бар, киши болбос адамдын кими менен иши бар.
  2. Намыс- башын кетсе кетсин – намысын кетпесин. Эр жигит элдин намысын коргогон, эл бар болсо сен барсын. Эр намысы, кыз намысы жана эл намысы бар. Чын намыс жеке элдин кызыкчылыгын эрдин кызыкчылыгын көздөйт. Ал эми өзүндүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн бул кур намыс болот.
  3. Акыл- (анын ичинде дээр жана зээн бар) дээринде жокко деп бекер. Табыйгы акыл жана табылга акыл. Зээн табылга акыл менен байый турган нерсе.
  4. Акылмандык- бул адамда жаман сапаттар болбош керек. Анык данышман акылман жасаганына мактоо күтпөйт, мактанбайт, данк көздөбөй иш бүтүрөт.
  5. Чынчылдык- акыйкат бул шексиз чындык. Адат кайталанып атып каада болот, каада салтка айланат, анан салт наркка айланат. Наркты баа десек да болот. Азыр илим менен техникалык жашоодо нарк салт менен эсептешпеген муун пайда болду. Бирок биздин каныбызда көкүрөгүбүздө бар, эгер ошол теманы баштасак көздөрдө кызыкчлык оту жанат. Ушул нерселерди коомго алып келүүгө убакыт келди. нарктуу адам өзү билет кайсы учурда өзүнүн укугун алып чыгуу керек, а кайсы учурда элдин укугун.

Көп кишилер жыйындарга айтып алайын деп келсе силер угуп алайын деп келдинер, чоң рахмат. Тарбиянын таалимдин жолдору көп, ошону үчүн жүздө жылмаюу, тилде таттуу сөз, колдо белек болсун.»