Версия для слабовидящих

Символика КОС и КОГ

 

    Наш символ

 


 


 

 

  Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун гимн-маршы

 

 

ЭРК

Музыкасы: Сталбек Бактыгулов

Сөзү: Сүйүн Кубатова

24 октябрь 2002 – жыл, Бишкек ш.

Элимден алып акылдын башатын

Элиме берип акыйкат тазасын

Эгемендүү эл, кыргыз жери үчүн

Эр атуулдары жан сайып жашасын

Кайырма:

Гүлдөтөөр жерди күндөр алдыда

Күрөшчүл, талбас күч болуп алгыла

Күн сайын бийик өнүк кыргызым

Урпактар бараар ак жол салгыла

Күүгүмдөн жарык издеп биз келебиз

Күүгүмдө шамды жагып биз беребиз

Күн шооласындай ыйык максат менен

Кыйындыктарга курчуп биз жеӊебиз

Кайырма:

Манас атанын арбагы колдосун

Акыйкат жолду жаштары жолдосун

Улуу да, кичүү теӊдикке жетишип

Ар бири бийик намысын коргосун

Кайырма: